Бул тууралуу аталган ачык акционердик коомдун маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо үчүн «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясын керектөө боюнча эсептегичтерге лимит койду.
«Бир фазалуу абоненттер үчүн электр энергиясынын чеги 5 кВтка чейин, ал эми үч фазалуу абоненттер үчүн 10 кВтка чейин белгиленген»,-деп айтылат маалыматта.
Суроолор боюнча 1209, 0772 001209, 0702 001209, 0556 001209 телефондору аркылуу кайрылууга болот.
Кошумчалай кетсек, «Түндүк электр» Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.