
Чүй облусунун аймагында 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин 1 миң 633 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.
Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкаруу — 31;
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу — 492;
- документи жок 20 айдоочу унаа башкарган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 54 унаа токтотулган.