Учурда Алай жергесинде үгүт иштери менен жүргөн Адинай Марипованын баннери уурдалып, кийин экиге бөлүп салгандар табылды.
http://www.facebook.com/100002259387901/videos/385754666615430/
http://www.facebook.com/100002259387901/videos/385754666615430/
Марипова жеке баракчасында бул жагдай тууралуу мындай деп жазды:
…Менин баннеримди жулгандар кармалып сурак беришти. Айрымдар айткандай “чөп чабайын” деп деле алышпаптыр. Себеби, айрып салышкан. Эмне себептен мындай жолго баргандарына жооп жок.
Заказ берген “талапкер” мени айтпагыла деп катуу коркутуп коюптур. Эми ата-энелери жалдырап келип жатышат.
Уят, жигиттер! Силер бут тоскон сайын мен күчтөнөм, чыйралам! Заказ берген адам, мени нааразы кылган адамдар оңгон эмес, Кудай бат эле көрсөтүп коёт. Далилим жок, бирок, сиз кылганыңызды билип, сезип турам. Менин алтынчы туюмум алдабайт. Шымды татыктуу кие албайт экенсиз, сизге менден юбка белек! Алайдын жигиттери кыздарын сыйлачу эле, арасында сиз кумалак болдуңуз. Аман эле болуңуз!, – деп жазды талапкер.