
Бишкекте пластик чыгарган завод өрттөндү.
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан пластик чыгаруучу заводдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Тилсиз жоону өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа, куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ыкчам топ тартылды»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.