Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду.
70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды 10:2 эсеби менен жеңди.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан U23 дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта чемпион болуп, алтын уткан. 57 килограмм салмакта ат салышкан Бекболот Мырзаназар уулу күмүш байге алды.