Баткен шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара болду

Бүгүн, 5-ноябрда Баткен шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

252658729 426659798827481 6318041525980757723 n Баткен шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара болду

Иш-чарага облус башчысы Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер, Кыргыз мамлекетинин түптөлөшүнө өмүрүн арнаган, улуу инсандар Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиев аталарыбыздын эстеликтерине гүл чамбарларды коюшту.

Эскерүү аземинде тарыхый окуя Улуу Октябрь Социалисттик революциясы, саясий репрессиянын курмандыктары жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү сыяктуу тарыхый окуялар эскерилди.

Аземдин соңунда ата бабалардын арбагына багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, 2017-жылы атайын президенттин жарлыгына ылайык 7-8-ноябрь күндөрү жыл сайын белгиленүүчү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыяланган.

252404070 426659698827491 3493438361095849161 n Баткен шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара болду