
УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.
Улуттук коопсуздук мамле екеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кызыл-Суу (Покровка) айылында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 2021-жылдын 3-ноябрында пайдаланууга берилди.
Батирлерди пайдаланууга берүү аземинде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Руслан Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышты.
Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.