Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы жетекчиси жана жана Октябрь окуясынын активдүү катышуучуларынын бири Сыймык Жапыкеев абакта жаткан активист Мелис Аспековду үй камагына чыгаруу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылууну Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Менин Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаңыз каза болгондо Түптөн тажыядан таанышкам. Сиз жөнүндө айтып бүтпөйт эле. Сиздин эң биринчи тарапташыңыз, иниңиз, партиялаш, жакшы санаалаш катары билчүмүн. Мени бир нече жолу “Мекенчил” партиясына чакырган. Андан башка митингдерден эле көрчүмүн. Акча, бийлик тууралуу сүйлөшкөн дагы эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда бир доллар ойногон эмес.
Былтыр революция күнү эң чырылдаган ушул жигит эле. Сизди түрмөдөн чыгарыш үчүн абдан чоң мээнет кылганын билем. Жаныңызда бир айга жакын жүрдү. Анан эле кармалды, 250 миң доллар Дашковдон алды деп камалганын уктум. Чынында кандай болгонун билбейбиз.
Бирок 250 миң доллар алган күнү деле келтирилген чыгым тергөөдө турат да. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу өтө начарлап кетти деген маалыматты уктум.
Менин жеке оюм, Урматтуу Садыр Нургожоевич өтүнөт элек, ушул жигитке жаман болду түрмөдө. Түрмөдө жылан жатпасын, Мелис Аспековго ырайым көрсөтүңүз. Камактан чыгарып берсеңиз туура болмок деген ойдобуз. Менимче, Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Кандай болгон күндө да сиз үчүн экөөбүз телефондон катуу урушканбыз”, – деп жазды Жапыкеев.
Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камалган.
Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу иш баштаган.
11-августта Аспеков инфаркт алып, ооруканага жаткан.