Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитине катышты.
Андагы окуялар менен кыргыз коомчулугу президенттин фотографы Султан Досалиев тарткан сүрөттөрдөн да таанышып жатты.
Учурда интернет колдонуучулар Досалиев “Көшөгө артында” деген билдирүү менен жүктөгөн сүрөттөрүнө көңүл буруп, анын ишине алкыш айтышууда. Анын арасында төмөнкү сүрөт көпчүлүктүн назарын бурду.