Равшан Жээнбеков соттун чечими менен камакта калтырылды

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, сот аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

«Күтүлгөн эле чечим болчу. Конституциялык укуктарым бузулуп жатат. Бул саясий басым. Шайлоого кое бербей коюу аракети болуп жатат», — деди Жээнбеков.

Буга чейин абактагы Равшан Жээнбековду Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттаган. Буга байланыштуу адвокат анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча сотко арыз жолдогон. Отурум 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болмок, бирок судья ооруп калгандыктан 3-ноябрга жылган.

БШК мүчөлөрү шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айтып, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин маалымдашкан.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. Кийин саясатчы үй камагынын талаптарын бузганы жүйө келтирилип, кайра камоо чечими чыккан.