Депутат Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисин таппай жатканын айтты. Мындай пикирин, депутат бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Бир жумадан бери таппай жатам. Мендеги маалымат боюнча, ал бир талапкерге жардам берип жүрөт. Жетекчиликтин уруксаты жок чет өлкөгө чыгып келди деген маалымат бар. Ушул маселени карап койсоңуз, азыр сиз төрайымдын милдетин аткарып жатасыз.
Болбосо кызматтан алыңыз дагы, аппаратта 20-30 жылдан бери мыкты иштеп келе жаткан адистер бар, ошолордон коелу», — деди Алымбаев.