Сербиянын Белград шаарында күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө биринчилиги өтүп жатат.
Бүгүн, 3-ноябрда кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча мелдештер башталат жана 5 салмак категориясындагы финалисттер аныкталат.
Бүгүн килем үстүнө кыргызстандык Айпери Медет кызы да чыгат. Ал биринчи беттешинде Эквадордун спортчусу менен күч сынашат.
Кыз-келиндер арасындагы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.