
“Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасы!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча “Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасын жарыялайт.
Олимпиаданын багыттары:
- “Ойлоп табуу”
- “Видеоролик”
Олимпиаданы өткөрүү жөнүндө жобо менен http://patent.kg/wp-content/uploads/2020/03/25-октябрь-Келечек-Жаратман-Жобо-кыргызча.pdf шилтемеси аркылуу тааныша аласыздар.
Кантип катышса болот?
Жобонун №1 тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 2022-жылдын 20-февралына чейин [email protected], электрондук почтасына же болбосо Кыргызпатенттин дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү, №62ге жөнөтүү керек.
Кимдер катыша алат?
Олимпиадага билим берүү мекемелеринин жогорку класстарынын окуучулары, ошондой эле 13-18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катыша алат.
Сыйлык!
Интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүнө карата жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат!
Байланыш телефондор: (0312) 68-04-71,
(0550) 77-80-84, (0557) 90-06-76—