Жапаров Макрон менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда, Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалат.

Саммит алкагында Мамлекет башчысы француз кесиптеши менен жеке таанышуусу орун алып, анын жүрүшүндө регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги акуталдуу өңүттөр боюнча пикир алмашуу болду.