Уктап калган: 15 жаштагы өспүрүмдүн апасы куткаруу кызматына кайрылган

 1-октябрда саат 23:30дар чамасында Ош шаарындагы 15 жаштагы өспүрүмдүн апасы куткаруу кызматына кайрылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аял уулу “Туран” конушундагы Латипжанов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин батиринин эшигин ачпаганын айткан. Куткаруучулар альпинисттик жабдуулардын жардамы менен батирдин терезелерине чыгышып, эшикти ичинен ачып беришкен.

Кийинчерээк өспүрүм катуу уктап калганы, апасынын эшик каккылаганын укпаганы белгилүү болгон