Садыр Жапаров Исландиянын премьер-министри менен жолугушту

Садыр Жапаров Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Исландиянын премьер-министри менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Исландиянын премьер-министри менен жылуу учурашып, Кыргыз Республикасы исландиялык тарап менен бардык деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогго кызыкдар жана даяр экендигин белгиледи.

«Биз Исландиянын олуттуу суу энергетикалык потенциалга ээ экенин билебиз жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын жигердүү пайдаланып жатат», – деди ал.

Президент Садыр Жапаров курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө, экологияга жана мөңгүлөрдүн эришине каршы күрөшүү жаатындагы өз ара кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирди. Мамлекет башчысы исландиялык тарапка улуттук инвестициялык жана климаттык инвестициялык программаларды ишке ашыруу үчүн эки тараптуу форматта жана көп тараптуу механизмдердин, анын ичинде Жашыл климаттык фонд жана Климаттык инвестициялык фонддун алкагында кызматташууну бекемдөөнү сунуштады.

Өз кезегинде Исландиянын премьер-министри Кыргызстандын суу энергетикасын өнүктүрүү жана геотермалдык булактарды пайдалануу боюнча эбегейсиз потенциалы бар экенин, бирок өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатканын баса белгиледи.