Руслан Кыдырмышев үгүт иштеринде жашы жете элек кыздын сүрөтүн колдонгону талкуу жаратууда

Руслан Кыдырмышевге мыйзам иштебейби?

Жогорку кеңешке шайлоо кызуу өтөөрү эмитеден эле билинип калды. Бишкек шаарынын Октябрь шайлоо округунан талапкер, президенттин кеңешчиси Кыдырмышев Руслан үгүт иштеринин биринде жашы жете элек кыздын сүрөтүн шайлоо иштерине колдонгону талкуу жаратууда.

Айрым интернет колдонуучулар “Кыдырмышевге мыйзам иштебейби?” деген суроо узатууда.Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамы боюнча жашты жете элек өспүрүмдөрдү шайлоо өнөктүгүнө катыштырууга тыюу салынган.