Россия Кыргызстанда “аскердик интернет” орнотмокчу

Россиянын коргоо министри Тажикстандагы жана Кыргызстандагы аскердик базаларында байланыштын жаңы тутумун орнотот. Бул тууралуу «Известия» басылмасы билдирет.

Маалыматка караганда, ал Борбордук Азия аймагында санариптүү байланышты күчөтүү максатында орнотулат.

«Аскердик интернет» быйылкы жылдын аягына чейин Тажикстанда, андан кийин Кыргызстанда жайгаштырылат.

Россия өзүнүн аскердик базаларынын авиациялык байланышын дагы күчөтмөкчү.