
Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, Жаманбаев көчөсү №8,1, 8/2 дарегиндеги кайрадан орнотулган жер алдындагы газ өткөргүчтү кесүүгө байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү токтотот.
Буга байланыштуу, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 2021-жылдын 1- 5-ноябрына чейин жылуулук жана ысык суу берүүнү токтотууга мажбур болууда.
Жылуулук энергиясы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
Гагарин көчөсү, Төмөнкү Джал кичи району.
Жеринде оңдоо биргадасы жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын бардык керектүү техникалары менен иш алып барууда.