Бишкекте эски жарнамалык конструкциялар алынды

Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтындагы көрнөк-жарнактар алынып жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, эски көрнөктөрдүн ордуна бир стилде жаңы жарнактар илинмекчи.

«Учурда уруксат кагазы жок жарнамалык көрнөктөрдү демонтаждап жатабыз. Аянттагы имараттар тарыхый болгондуктан баары бир стилде болсун деп баарын бирдей кылуу аракети болуп жатат», — деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, шаардык кызматтар тарабынан борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу иштери уланууда. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын инпекторлору “Бишкекбашкыархитектура” мамлеткеттик мекемесинин, райондук администрациясынын адистери менен биргеликте жарнамалык конструкцияларды алып жатышат. Бул иште “Бишкекжашылчарба” жана “Бишкекжарык” муниципалдык ишканалары жардам көрсөтүүдө.

Төмөнкү даректерде жарнамалык конструкциялар алынды:

-Ленин районунда Чүй проспектисинде Жаш Гвардия бульварынан баштап Манас проспектисине чейин 14 — баннер,13 – жарнак илмекчелер, 5 – штендер, 4 – лайтбокс, 3 – пано демонтаждалды.

-Биринчи май районунда Чүй проспектисинде Манас проспектисинен баштап Тоголок Молдо көчөсүнө чейин 44 – баннер, 16 – штендер, 6 – көрсөткүчтөр (лайтбокстор), 2 – темир тосмо, 1 – күч өлчөөчү аппарат алынды.

-Октябрь районунун Ахунбаев көчөсүндө Чынгыз Айтматов проспектисинен баштап Байтик Баатыр көчөсүнө чейин 23 – баннер, 5 – штендер, 7 – темир тосмо, 8 – темир түркөктөр демонтаждалды.