Шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добушкана уюштурулат, – БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата 29 өлкөдө 59 добушкана уюштуруларын билдирди. Ага ылайык, алардын 10у Орусияда, АКШда, Германияда, Италияда жана Венгрияда жаңы ачылат.

Жалпысынан Орусияда 20, ал эми АКШ, Түркия, Германияда үчтөн, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Италия менен Кытайда экиден уюштурулат.

Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт, Вена, Доха, Дүйшөмбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт жана Эр-Риядда бирден шайлоо тилкеси болот.

Буга чейинки шайлоолордо 48 шайлоо тилкеси ачылган. Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн 68 миңдин тегерегинде шайлоочу бар.

Былтыркы парламенттик шайлоого 9300 миңдей адам катышкан. 2021-жылы референдумда 3,5 миңдин тегерегиндеги гана жаран добуш берген.

Шайлоочулар эң көп катышкан учур президенттик шайлоо учурунда болуп, ага 13,5 миңдей киши келген.