Москва бийлиги курулуштарга мигранттарды иштетүүгө тыюу салат

Шаарды куруу саясаты жана курулуш боюнча борбордун вице-мэри Андрей Бочкарев РБКга берген маегинде, бийлик өкүлдөрү курулуштардагы кадр кризисин чечип, мигранттардын эмгегинен баш тартуу планын даярдап жатканын айтты.

Бочкаревдун айтымында, реновация программасынын алкагындагы масштабдуу курулуштардан улам борборго жумушчулар жана инженерлер жетишпейт. Эмгек ресурстарынын жетишпестиги 40 пайызга жетти. Ошондой эле, курулуштарда эмгектенген мигранттардын көбү пандемия учурунда өз өлкөлөрүнө тарап кетишкен. Буга чейин 120 киши болсо, азыр 40 миң гана жумушчу калды. Иштеп жаткандардын курамы да өзгөрдү. Мурун көбүнесе Тажикстандан келишсе, азыр Өзбекстан менен Кыргызстандан келгендер басымдуулук кылат.

Берилген маалыматта курулуштарда Москва шаарынын четинен келген тургундар көбөйүп калганы айтылат. “Москва облусунун жашоочулары көбөйдү, бирок, тиешелүү объектке жөн эле келип алууга болбойт. Жакшы шыбакчы болуш – бул искусство, кыш коюуда – адистер жок”, – деп кошумчалады.

Жумушчу-мигранттардын айлык акысы да өзгөрдү. Алар азыр мурдагы маянага иштебей турганы белгиленди. “Азыр курулушта иштеген мигранттын орто айлыгы 50-60 миң рублды түзөт. Буга чейин 30 миңден төлөнүп келген. Бирок, азыр көптөр 80 миңге да иштегиси келбей жатат”, – дейт вице-мэр.

Москванын объектилеринде чет өлкөлүктөрдүн жумушчу күчүн колдонбой эле максатка жетүү планын коюуга тапшырма берилгени айтылды.

 “Куруу процесси үч эсе аз адамды талап кылып, иштегендердин айлыгы эки же үч эсе чоңураак болсо, биз эки эсе тезирээк курмакпыз. Мындай резервдер кайда? Биринчиси – объектти куруу процессинин технологиялык чечимдерин табыш керек.

“Маселен, суу таратуу чекитин объектте же линияда чогултууга болот. Андан ары – процестин механизациясы. Мен АКш, Улуу Британия, Швеция жана башка өлкөлөрдө иштегем. Таамай мисал – Skanska компаниясы, чоң колонна алдын бетондоо процесси жүрүп жатат дейли. Бетонду жалгыз киши гана кылат. Ал бардык шаймандар менен камсыз болуп, долбоорду ишке ашырууну жана курулуш ишин толугу менен өз мойнуна алат. Бул жумушчу санын болушунча азайтуу дегенди түшүндүрөт.

Жумушчулардын даярдыгы жогорку деңгээлде. Башка мисал – дубалдарды шыбоо. Бир эле дубалга 4 жумушчуну койсо болот же аралашманы чачкан жалгыз станцияны жайгаштырса болот”, – деп эсептейт Бочкарев. Бир катар объектилерде мындай эксперимент жасалып жатканы белгилүү болду.

Мэриядан билдиришкендей, дагы бир маселе – курулуш тармагындагы билим берүүнүн деңгээлинин төмөндүгү.

 “Бул дисциплина 90 пайыз инженердик деп эсептелет, түрдүү формулалар, конструкциялар жана башка. Билим берүүдө курулушту башкаруу методдоруна болгону жалпы убакыттын 10-15 пайызы эле бөлүнөт. Америкалыктарда, немистерде, шведдерде бул дисциплиналар өзүнчө бөлүнгөн. Бир бөлүгү – бул инженерлер. Экинчиси – construction management, процесси уюштуруу маселелерин окутат.

Америкалыктардын курулушуна кирип барсаң, бардыгы түрдүү иш шаймандары менен камсыздалган. Анткени, алардын бардыгы маянаны канча иштесе ошончо көлөмүнө жараша алышат. Балким майдалангандай сезилиши мүмкүн. Бирок, ал жакта бир адам төртөөнү алмаштырат. Биз дагы дал ушундай билим берүү программаларын иштеп чыгышыбыз керек”,- деп вице-мэр билдирди.

РБКга июнь айында берген интервьюсунда вице-премьер Марат Хуснуллин, курулуш бизнеси пандемияга, мигранттардын кетишине байланыштуу кадр дефицитине туш болуп, жумушчуларга болгон бааны 50-100 пайызга көтөрүп салды деп билдирген. Мунун негизинде курулуш объектилеринин өздүк баасы көтөрүлүп, үйлөр да кымбаттап жатат. Өкмөттөгү курулуштун куратору мигранттардын ордуна камактагыларды алып келүү идеясын айткан. Абактагылардын ичинен болжолу менен 180 миңи түрмөдө эле отурбай, иштегенге да укугу бар деп белгиленди.