Кыргызстандын милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө

Жыл сайын, 1-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.


Тарыхка көз чаптыра турган болсок, 1924-жылдын 14-октябрь күнү совет мезгилинде кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлгөн. Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна негизинен 75 болуштуктан турган 714 648 адам жашаган Кыргыз Республикасынын азыркы аймагы кирет.


1924-жылдын 1-ноябрь күнү Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Революциялык комитети И.Тойчинов жетектеген Административдик бөлүмдү түзүп, анын курамына облустук милиция башкармалыгы да кирген. Бүгүнкү күндө бул дата Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү деп эсептелет.
Бирок, Кыргызстандын тарыхында алгачкы милиция бөлүктөрү 1917-жылдын март айынын аягында пайда болгон. Булар Сүлүктү, Кызыл-Кыя, ошондой эле Ош шаарындагы көмүр шахталарында уюшулган элдик кошуундар болгон. 1918-жылдын 20-январында Пишпек милициясы – коомчулуктун мүлкүн коргоо, сактоо жана жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоо үчүн элдик кошуундар түзүлгөн. Милициянын отряды 20 адамдан туруп, 20 мылтык менен куралданган.

WhatsApp Image 2021 11 01 at 10.37.33 2 Кыргызстандын милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө


Жарандык согуш жылдарында жана басмачыларга каршы күрөшүүдө милициянын милдеттерин аткаруу үчүн өзүн-өзү коргоо отряддары жана ыктыярдуу отряддар түзүлгөн. Кыргызстандын жумушчу-дыйкан милициясынын алгачкы бөлүктөрүн түзгөндөрдүн ысымдары тарыхта түбөлүккө сакталып кала берет. Алар, Б.С.Султанов, Н.С.Султанов, Э.Алиев, А.Орозбеков, С.Касымбеков, Г.Шадилов, С.Мураталин, Т.Токбаев, И.Кабеков, Д.Карабеков, И.Токбаев, З.Бегалиев, Г.Улисков., Н Орозалиев жана башкалар.
Бүгүн, майрамга карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттукташ үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Кырдаалдар борборунун жетекчиси Адилет Джанузаков келишти.
“Коомдук тартипти, жашоону, коопсуздукту жана адам укуктарын коргоо – бул чындыгында эле маанилүү, өтө оор жана көп учурда кооптуу иш. Майрамыңыздар менен, урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерге жаңы жетишкендиктерди, кызматыңыздарда ийгиликтерди, үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүүнү жана сүйүүнү, жакындардын жана достордун ишенимдүү колдоосун каалайм”,- деди иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов.
Андан соң, милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков куттуктады.
ИИМ башчысы кесиптештерине кайрылуусунда бүгүнкү майрамдын артында көп жылдар бою талыкпаган эмгек, уйкусуз түндөр, милиция кызматкерлеринин өмүрү, тагдырлары турганын баса белгиледи.
«Милицияда иштөө дайыма тобокелчилик жана коркунуч менен байланышкан. Бул кесип кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү, эмгекчилдикти жана күжүрмөндүктү талап кылат. Биздин кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарууда эң коркунучтуу кылмышкерлер менен бетме-бет кармашып, кылмыштуулук менен аёсуз күрөшүп келишүүдө. Сиздердин эмгегиңиздер урматтоого, ыраазычылыкка жана колдоого татыктуу. Сиздер күн сайын өлкөнүн бейпил жашоосун камсыз кылууга чоң салым кошуп келесиздер. Ак ниет жана күжүрмөн эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздердин мындан аркы кызматыңыздарда ийгиликтерди, өзүңүздөргө бекем ден соолукту жана жакындарыңыздарга бардык жакшылыктарды каалайм», – деди куттуктоосунда Улан Ниязбеков.
Андан соң, министр кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жаркын элесине таазим этип, милициянын ардагерлерине дагы сый-урматын көрсөтүп, ыраазычылык билдирди.

WhatsApp Image 2021 11 01 at 10.37.33 3 Кыргызстандын милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө


Салтанаттуу иш-чарада Генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаев куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Майрамдын урматына кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөр менен айырмаланган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан сырткары, бир катар милиция кызматкерлерине мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, ведомстволук сыйлыктар жана медалдар менен сыйланышты.

WhatsApp Image 2021 11 01 at 10.37.32 Кыргызстандын милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы