Ырчы, обончу Эмилбек Балтагулов театрга директор болуп дайындалды

Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын директорлугуна ырчы, обончу Эмилбек Балтагулов келди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жетекчи театр жамаатына 29-октябрда тааныштырылды. Маалым болгондой, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 28-октябрда театрга Эмилбек Балтагуловду жетекчи кылып дайындаган. Министрдин буйругун жамаатка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков тааныштырып, ийгиликтерди каалады.

Эмилбек Балтагулов буга чейин Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумун башкарып келген. Ал эми театрдын мурунку жетекчиси Санжар Берикбаев «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого аттанды.

Барпы театрында жалпы 105 штат бирдиги бар.

Балтагулов Эмилбек Аширбекович 1981-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай шаарчасында туулган. 1988-жылдан 1999-жылга чейинки аралыкта Терек-Сай шаарчасынын Антон Макаренко атындагы, Шекафтар шаарчасынын Юрий Гагарин атындагы, Сумсар шаарчасынын Сумсар атындагы, Ала-Бука районуна караштуу Ак-Башат айылынын Чаткалбай Кулумбетов атындагы, Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылынын Айдаркан Молдокулов атындагы орто мектептеринен билим алган. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүнө тапшырып, аны 2004-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолу:

– 2004-жылдан тартып Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусу;

– 2013-жылдын ноябрь айынан баштап Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын артисти;

– 2015-жылдан тартып филармониянын жетекчисинин орун басары;

– 2019-жылдан тартып ушул мезгилге чейин Жалал-Абад маданият техникумунун директору болуп эмгектенип келген.

Бир топ обондуу ырлардын жана 5 дастандын автору, «Сезим» эстрада тобунун жетекчиси, «КРдин маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси. Бир нече эл аралык сынактардын, фестивалдардын катышуучусу жана жеңүүчүсү.

Эки кыз, бир уулдун атасы.