Озонниа Ожиело Түгөлбай Казаковго, Акылбек Усупбаевге, Жеңишбек Тургумбаевге ИМБДУнун жана ЕАПУнун Алтын медалдарын тапшырды

         2021-жылдын 27-октябрында Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбордун расмий ачылыш аземи өткөрүлдү. Ачылышта ИМБДУнун Алтын медалы менен Түгөлбай Казаков, Акылбек Усупбаев и Жеңишбек Тургумбаев ИМБДУнун жана ЕАПУнун Алтын медалдары менен сыйланды.

– Автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндө маданий жана социалдык өнүгүүгө, чыгармачылык ишмердикке болгон сый-урматты артырууга кошкон салымы үчүн КРнын эл артисти, композитор Казаков Түгөлбай Токтогулович сыйланды.

Өлкөнүн экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнө, ойлоп табуучулук ишмердикке кошкон салымы үчүн “Ойлоп табуучулук үчүн” номинациясы боюнча медицина илимдеринин доктору, профессор, КРнын эмгек сиңирген дарыгери, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмери Усупбаев Акылбек Чолпонкулович сыйланды.

4L7A4347 Озонниа Ожиело Түгөлбай Казаковго, Акылбек Усупбаевге, Жеңишбек Тургумбаевге ИМБДУнун жана ЕАПУнун Алтын медалдарын тапшырды

Ал эми ЕАПУнун В.И. Блинников атындагы Алтын медалы менен “Ойлоп табуучулук ишке кошкон салымы үчүн” номинациясы боюнча техника илимдеринин доктору, профессор, транспорт эл аралык  академиясынын (Санкт-Петербург) академиги, билим берүүнүн мыктысы, ойлоп табуучу Тургумбаев Жеңишбек Жумадылович сыйланды.

Сыйлыктарды ЕАПУнун президенти Сауле Тлевлесова жана БУУнун туруктуу координатору, КРдагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело тапшырды.

4L7A4361 Озонниа Ожиело Түгөлбай Казаковго, Акылбек Усупбаевге, Жеңишбек Тургумбаевге ИМБДУнун жана ЕАПУнун Алтын медалдарын тапшырды