Руслан Маджинов: “Сербиядагы Дүйнө чемпионатына толук курам барбайт”

Сербиядагы дүйнө чемпионатына тилекке каршы толук курам барбайт. Финансылык колдоо дайым кечигет. Бул тууралуу Руслан Маджанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

“Мамлекеттик агенттикти эмне үчүн департаментке түшүргөнү жатат деген суроолор болуп жатат. Алар кызматкерлердин санын кыскартууну, айрым бөлүмдөрдү жойгусу келип жатат. Бирок мындай аракеттер менен спортту татыктуу алып кетүү мүмкүн эмес. Менимче биздин агенттикти мамлекеттик комитет кылышы керек”, – деди ал.