Роллдон клипмейкер Эрнист Сыдыков жана анын ата-энеси да ууланган

“Империя пиццы” кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 300дөн ашты. Алардын арасында клипмейкер Эрнист Сыдыков жана анын ата-энеси да бар.

Эрнист мырза менен кабарлашканыбызда, ал үй шартында дарыланганын айтып буларга токтолду.

“Ата-энемдин үйүнө конокко бара жатып инимдин каалоосу менен “Империя пиццы” кафесинин филиалынан суши роллы, пицца алып кеткем. Биз суши жегенбиз, балдарым пицца жешкен. Эртеси күнү уулануунун белгилери байкалды, аябай кыйналдык. Ата-энем, иним, келиним ууланды. Балдарым эч нерсе болгон жок, сушиден ууландык го деп калдым. “Тез жардам” кызматын чакырып, үй шартында дарыланууну чечтик. 5 күн жаттык, азыр жакшы болуп калдык.

Мекемеге ууландык деп кайрылсам дүмүрчөк сурады. Мен аны ошол жакка калтырып кеткенимди айттым, эч нерсе дешкен жок. Кайра кайрылган жокмун”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы “Империя пиццы” тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан. Буга чейин тамакка уулангандардын саны 85ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Ал эми 28-октябрга карата уулангандардын саны 300дөн ашуун адам ууланганы кабарланган.