Мейрамбек Ахметов: “Спорт агенттигинин статусун департамент кылып, 11 адам караганы туура эмес”

Спорт агенттигинин статусун департамент кылып, 11 адам караганы туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда маалымат жыйын учурунда машыктыруучу Мейрамбек Ахметов билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда спорт агенттигин Маданият министрлигинин алдындагы департамент деген статуска төмөндөткөнү жатышат.

“Өзүмдүн окуучуларым, жалпы спортчулар ийгиликке жетип, медаль алып жатканда мен ыйлагам”. 2008-жылы Канат Бегалиев утту, эми мынтип Акжол Махмудов чоң ийгилик жаратты. Кандай гана сонун жыйынтыктар.

Россияда байкаңыздар спорт министрлиги бар, андан сырткары ар бир федералдык округда спортко өзгөчө көңүл бурат. Президентибиз спортчуларга жакшы көңүл бурду, ордендерди тапшырды. Азыр Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин статусун департаментке түшүрбөй, тескерисинче өйдө көтөрүш керек. Спортту алдыга жылдырышыбыз керек.

Мен олимпиадада калыс болуп жүргөндө мага башка өлкөлөрдөн өкүлдөр келип: “Кантип силердин спортчулар мынтип мыкты күрөшөт”,- деп таң калышат. Бизди дүйнө жүзү тааныйт, биздин күрөш дүйнөлүк деңгээлде турат”, – деп билдирди Ахмедов.