“Кумтөргө ишке орноштуруп берем”- деп 60 миң сом алып алдап кеткен аял Бишкектен кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31 жаштагы О.Ж. колго түшкөн. Мындан башка да кишилерди алдап акча алган болуш керек деп шектелүүдө.
Эгерде сүрөттөгү аялдан жабыр тарткандар болсо 0 (702) 44-26-42, 0 (508) 00-77-74 и 102 номурларга чалып кабарлоону милиция суранат.