“Фейсбук” компаниясы аталышын Meta деп өзгөртөт

“Фейсбук” компаниясы аталышын Meta деп өзгөртөт.

Бул өзгөртүү Facebook, Instagram жана WhatsApp социалдык түйүндөрүнүн аталыштарына таасирин тийгизбейт. Meta деген ат ушул ресурстарга ээлик кылган компанияга гана тийиштүү болот.

“Фейсбуктун” негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг 28-октябрда билдиргендей, жаңы аталыш компаниянын ишмердигин мыкты чагылдырып, социалдык медиадан виртуалдык реалдуулукка таасирин кеңейтет.

2015-жылы Google аталык түзүмүн Alphabet деп атоону чечкен.