Эмил Алыкулов: “Спорт агенттигин департамент кылып төмөндөтпөй, мамлекеттик комитет кылып көтөрүш керек”

“Спортту департамент кылганы жатышыптыр, аякта штатта 11 адам иштейт экен. Мындай иш аракеттер менен жаңы бийиктерди кантип багындырабыз? Бизде массалык, улуттук, олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөр бар да. Азыр мен бизде спорттон башка позитивдүү эч нерсе көргөн жокмун. Биздин урматтуу Садыр Жапаровдун финансылык колдоосу мыкты жүрдү. Байгелүү келген спортчуларыбызды жетиштүү колдоп берди. Спорт азыр “департамент” статусунда эмес “Мамлекеттик комитет” деген макамга татыктуу”, – деп билдирди Алыкулов маалымат жыйынында.

Ошондой эле ал бюджеттин 3 пайызын спортко берсе, ооругандар да азаярын, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин натыйжасында Акжол, Жоламан, Мээрим, Айсулуу, Айпери сымал спортчулар чыгып жатканын белгилеп өттү.