8-автобус кабылган жол кырсыктын кесепетинен 15 адам жабыркады

Бишкектеги 8-автобус кабылган жол кырсыктын кесепетинен 15 адам бейтапканаларга жеткирилди. Бул туурасында Бишкек шаардык тез жардам кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  кырсыктан жабыр тарткандарды 7 тез жардам бригадасы алгачкы медициналык жардамын көрсөтүп бейтапканаларга жеткирген. 11 чоң киши жана төрт өспүрүм жабыркаган.

Чоңдору Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда, өспүрүмдөр шаардык клиникалык балдар бейтапканасына жаткырылган. Каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок. Кээ бирлеринин мээси чайкалган, денелери көгөргөн.

Бүгүн, 29-октябрда саат 12 лер чамасында Ч.Айтматов көчөсүндө 8-автобус теректи барып сүзгөн.