Журналист teskep.com аттуу сайт түздү

Журналист Болот Темиров өзүнүн командасы менен маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com деп аталган сайт түздү. Андан каалоочулар 148 миң ишкана, 3,5 млн. кыргызстандык жаран тууралуу маалымат ала алышат. Бул тууралуу сайттын негиздөөчүсү Болот Темиров билдирди.

“Мурунку убакта биз иликтөө жүргүзүү үчүн маалымат издегенде бир ишкана же адам үчүн маалымат чогултууга 2-3 саат коротот элек. Биз программисттер менен сүйлөшүп, түрдүү булактардан маалыматтарды чогултуп берүүчү өзүнчө программа түздүк. Сайт аркылуу Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 148 миң фирма, шайлоого добуш берүүчү катары катталган 3,5 млн. кыргызстандык жаран тууралуу маалымат алууга болот”.

Болот Темиров азырынча сайт маалыматтарды 20 булактан чогултуп берерин, келечекте булактардын саны дагы көбөйөрүн кошумчалады.

Сайт аркылуу маалыматтарды алуу 2-3 айга чейин акысыз. Андан кийин издөөчүлөрдүн категориясына жараша акы алынмакчы.

Журналист Болот Темиров “ФактЧек” порталын, “Temirov LIVE” каналын негиздеген. Анын долбоорлору аркылуу Кыргызстандагы ири журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлгөн.