УКМКнын алдында эки митинг өтүүдө

Бүгүн, 28-октябрда Бишкекте алдамчылыкка шектелген аялдан жана күч органдарынан жабыркаганын айткан адамдар тобунун нааразылык акциясы өтүп жатат.

Пикетке чыккандар Башкы прокуратура алдында жарым сааттай туруп, “натыйжа болбогондуктан” кайра УКМКга алдында пикетке чыгышты.

Ошондой эле, УКМКнын алдында Уланбек Аалиевдин тарапкерлеринин митинги өтүүдө.