Сотто «Ынтымак» партиясы менен БШКнын ортосунда талаш жаралды

Сотто «Ынтымак» партиясы менен БШКнын ортосунда талаш жаралды. БШК талапкерлердин тизмесин бекиткенде Талант Мамытовду киргизип, процедуралык бузуу кетиргени боюнча талашууда.

Бул тууралуу 28-октябрда партиянын соттогу жыйынында маалым болгон.

Сот Эшимов бул ишти карап жатат.

БШКнын юристи белгилегендей, эгерде “Ынтымак” партиясы талапкерлерди каттап жатканда ката кетирген болсо, анда баардык БШКнын чечимдерин толугу менен жокко чыгаруу керектигин белгиледи.

Мамытов учурда Жогорку Кенештин спикери «Ынтымак» партиясынын №7 номуру менен катталган.

24 октябрда БШК анын талапкерлигин каттоодон баш тарткан, себеби ал учурдагы кызматынан кеткен эмес.