
28-октябрда Бишкектин административдик соту «Ынтымак» партиясынын талапкер болуп чыккан Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп табуу жөнүндөгү арызын канааттандырды
Мамытов «Ынтымак» партиясынан №7 тизмеде талапкер болуп көрсөтүлгөн.
24-октябрдагы жыйынында БШК Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тарткан. БШКнын маалыматы боюнча, ал талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген учурдан тартып 5 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетиши керек болчу.