Рахат Аманова: “Мектепте окуучулар мектеп формасын гана кийсин. Мугалим катары талабым ушул”

Мугалим Рахат Аманова Фейсбук жеке баракчасында мектептеги форма боюнча пикирин билдирген

249228971 2718236575139704 8097069433328014770 n Рахат Аманова: "Мектепте окуучулар мектеп формасын гана кийсин. Мугалим катары талабым ушул"

-Жетишет. Ушунчалыгы жетишет! Мугалимдер ушунча жыл чыдадык, жетишет. Унчукпайын дегем, бирок кыздарды чүмбөттөгөндөр адисинен ашып баратат.

“Мектепте окуучулар мектеп формасын гана кийсин. Мугалим катары талабым ушул. Дин тууралуу айтып башты оорутпагыла. Чоң атам 42 жыл орозо туткан айылдын азан айткан молдосу болгон. Азыркыларга окшоп, саатты карап ооз ачып, ооз жапкан эмес. Таң үрүл- бүрүл аткандан, каш карайганга чейин орозо тутат эле. Беш маал намазын 42 жыл үзгөн жок. Союз убагында такыба молдо эле. Бир жолу бирөөнү намаз оку деген жок. Бир да жолу орозо тутам деп догурган жок. Унчукпай эле беш маал дааратын алып, беш маал намазын окуп, азан айтып, орозо тутуп жүрүп өттү. Ошонусу үчүн элдин баары сыйлайт эле. Бир да жолу кыздарды “шым киесиң”, ” чачыңы кырктың” деген жок”.

Чоң атам:” Заманга жараша жашап атасыңар, кызым, заманыңар тынч, бакубат болсун!”,-деп бата берип эле отурчу. Мынакей, чыныгы такыба адамдын таалими!

Азыр эле кайдагы кара шумдукту баштады динге шылташып, наристе кыздарды жүдөтүп чүмбөт жаап. Бул эмне деген кара шумдук?! Окуучу кезинде аппак бантик тагынып жүрсө болбойбу? Жаркырап окуучулук күндөрүн өткөрсө болбойбу? Кыздарын чүмбөттөп салганга ата- эненин укугу барбы? Наристе кыздардын балалык укугун ким коргойт?! Мамлекет кайда карап олтурат?! Мамлекеттик саясатты жүргүзө турган бийлик бутактары эмне үчүн наристе кыздардын укугун коргобойт! Кыскасы, бул маселе так чечилмейин, мугалим катары окуучу кыздар мектеп формасын гана кийсин деп талап кыла бермекчимин. Урматтуу мугалимдер,бул маселеге чекит коюуга мезгил келип жетти.

Эске салсак, 23-октябрда Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында дал ушул проблема көтөрүлгөн. Анда президент мектептерде бардык динден сабак өткөрүлөрүн айткан.