
Кыргызстанда 28-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 64, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 705 бейтап, амбулатордук түрдө 699 адам дарыланууда.