
Аламүдүн районунун Акбараков жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде куруучулар жашаган вагон күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө Бишкек шаарынын №7 өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылды. Өрт саат 20:28де чектөөгө алынып, саат 21:56да толугу менен өчүрүлгөн.
«Вагондун ичинен туруктуу жашаган жери жок адамдын жансыз денеси табылды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда