Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору болуп Кагаздиев Нурдин Маратбекович дайындалды. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин тиешелүү буйругунун негизинде ишке ашкан.
Жогорку билимдүү. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.
1985-жылы 23-сентябрда төрөлгөн.