
28-октябрда Бишкектин административдик соту «Ынтымак» партиясынын талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын канааттандырды.
Мамытов «Ынтымак» партиясынан 7-номерде талапкер болуп көрсөтүлгөн.
24-октябрдагы жыйынында БШК Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты, анткени ал талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген учурдан тартып 5 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетиши керек болчу.