Борбордук шайлоо комиссиясы тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду бир мандаттуу №16 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттады. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдирди.
Равшан Жээнбеков “Кой-Таш окуясы” боюнча кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Ал 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.
Жээнбеков шайлоо учурунда үгүт ишин кандай жүргүзөт белгисиз.
Адвокат Замир Жоошев 25-октябрдагы сот отурумунда “Кой-Таш окуясы” боюнча айыпталып жаткан төрт адам парламенттик шайлоого талапкер катары бараткандыктан сот отурумдарын шайлоо бүткөнчө токтото турууну суранган.