Аял намаз окуп жатканда 36 миң 400 сомун жана уюлдук телефонун уурдаган жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 21-майда борбор калаанын тургуну жума намазга мечитке барган. Аял намаз окуп жатканда ууру анын капчыгын уурдап кеткен. Анын ичинде 36 миң 400 сом жана уюлдук телефон болгон. Аталган факты Жазык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгү («Уурдоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

19-июль күнү кечинде мечиттен дагы бир аялдын телефону уурдалган. Бул факты да Жоруктар кодексинин 90-беренесинин 1-бөлүгү («Уурдоо») боюнча КЖБРге катталган.

«Свердлов РИИБдин 3-шаардык бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1992-жылы туулган М.У. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.