
Каракол шаарындагы батирлердин биринен 42 жаштагы Б.Ч.нын сөөгү табылды. Бул туурасында Каракол шаардык милициядан кабарлашты.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, аялдын өлүмүнө шектелип, анын жарандык күйөөсү, Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну А.А. кармалган. Каза болгон аялдын денесинде шектүү тактар байкалган.
Каракол шаардык сотунун чечими менен, кылмышка шектүү эки айга камакка алынды.
Учурда, тергөө иштери уланууда.