Тажикстандын Демократиялык партиясы Президент Садыр Жапаров Тажикстан менен чек араны тактоо иши жүрүп жатканын маалымат жыйынында билдиргенин сындады. -Мургаб району 1924-жылы Кыргызстандан Тажикстанга берилип кеткендиги сынга кабылды, – деп жазат “Радио Озоди”
“Саясий көз карашта алып караганда президенттин айткандары Тажикстандын бүтүндүгүнө кол салуу катары сыппатталат. Тажик мамлекети түзүлгөндөн тартып, башынан эле Мургаб району Тажистанга карайт. Демпартиянын 26-октябрдагы маалыматына караганда, ал түзүлгөндөн тартып, аталган мамлекетке башкача айтканда Тажик ССРна таандык.
Мургаб району Душанбеден 1000 км алыстыкта Тоолуу-Бадахшан автономдуу районунда жайгашкан.
23-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров суроо жараткан участоктор боюнча төмөнкүчө билдирген:
“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз өлдү. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Бирөөсү, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар”.
Президент Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө көйгөй жаратып жаткан Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатканын айтты. Ал ошол кезде Мамлекеттик катчы болуп иштеген. Тажик тарап Лейлек районундагы 21 гектар жер Кыргызстанга карап калганына байланыштуу кайра өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Алар (Тажик бийлиги- ред.) “1924-жылы бул жерлер силерге өтүп кеткен, бизге бергиле деп жатышат. Мен айттым: жок, эгер ошол жерлер бизге 1924-жылы өтүп кетсе, силерге 1925-жылы Мургаб кеткен, ал жакта 3 млн гектар жер бар. Анда бизге ошол жерлерди бергиле десем алар макул болушкан жок”, деген.
Президент Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын, тынчтык, сүйлөшүү жолу менен эки тараптын тең кызыкчылыгында чечилет деген үмүтү бар экенин билдирген.
Бирок, Жапаров качан жана кайсыл жерде Мургаб боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айткан эмес.
Тажикстандын Демократиялык партиясынын лидери Саидджафар Усманзода Радио Озоди менен болгон маегинде Жапаровдун билдиргенин чек арадагы делимитация жана демаркация маселесинде “Тажикстанга кысым кылуу” деп атады.
Тилекке каршы, учурда бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы конфликтке “отко май тамызгандай” эле кыймыл-аракеттерди жасашууда. Мындайдын арты жаман окуялар менен коштолчудай болуп турат.