Суицидке барганы жаткан адам 8-кабаттан секирип кетти

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн секирди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жигит ал жерде бир нече саат турду. Сүйлөшүүлөр эч нерсеге алып келген жок.

Учурда анын абалы тууралуу маалыматтар такталууда

Алдын ала маалымат боюнча Октябрь району, Байтик-Баатыр-Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн (8- кабат)1 бала 1999 ж.т. Т.М. аттуу бала секирип өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМ куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган, учурда көп кабаттуу курулуштун, болжол менен 9 кабатындагы турган жарандын оюнан кайтаруу аракеттери жүрүп жатат.

Эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы тууралуу маалымат такталууда.