
Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан «Кайнар» ресторанында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө саат 08:40та бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 09:21де толугу менен өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматка таянсак, таттуу токочтор күйүп, ашкананын ичин калың түтүн каптаган.