Сегизинчи кабаттан секирген жигит каза болду

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги толук курулуп бүтө элек имараттын 8-кабатынан секирген жаш жигит көз жумду. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигинин булактары билдирди.

Маркум имараттын үстүндө 4 саатка жакын турган. Сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес.

Тез жардам кызматы да жаш жигиттин каза болгонун тастыктады. Анын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилди.

Такталбаган маалымат боюнча, маркум жана анын сүйлөшкөн кызы жакында эле эки ара жолго түшүшкөн.