Кыргыз календарынын автору каза болду

Кыргыз календарынын автору Торон Жумаев 84 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Торон Жумаев кесиби боюнча хирург-травматолог. Кыргызга «Ай-Күн» календарынын түзүүчүсү катары таанылган. Кыргыз жергесинин аба ырайын мурунку ата-бабалар кандай божомолдоп келгенин, бир жылдагы он эки ай эмне себептен кыргызча баш оона, аяк оона, теке, бугу, жалган куран, чын куран, бирдин айы, тогуздун айы деп аталып калганын айткан.

Ал бир гана дарыгер болбостон гидрокуруучулардын сабында Токтогул ГЭС, Күрп-Сай ГЭСи, Камбар-Ата ГЭСтерин курууга зор салымын кошкон. Көп жылдар бою шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө эмгектенип, ал бөлүмдүн жетекчиси да болгон.

Торон Жумаевдин артында 3 уул, 10 небереси калды.