Криминалистикалык кызматы 9 айынын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды

ИИМдин Криминалистикалык кызматы 2021-жылдын 9 айынын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын криминалистикалык кызматтарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн 2021-жылдын 9 айынын ичиндеги жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү. Бул иш-чарага ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, ИИМдин Криминалистикалык кызматынын начальниги Канат Иманалиев жана криминалистикалык кызматтын өздүк курамы катышты.

WhatsApp Image 2021 10 27 at 07.53.15 1 Криминалистикалык кызматы 9 айынын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды


Алсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында жүргүзүлгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ИИМдин Криминалистикалык кызматынын кызматкерлери адис катары 18396 кырсык болгон жерлерди текшерүүгө, 3576 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 3268 тергөө амалдарын жүргүзүүдө катышкан.

WhatsApp Image 2021 10 27 at 07.53.16 Криминалистикалык кызматы 9 айынын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды


3894 соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү, анын ичинде: дактилоскопиялык-1835, трасологиялык-90, баллистикалык-786, кол жазма-234, жаралма курал-216, документтердин техникалык экспертизасы-155, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун изилдөө-429, жардыруучу-техникалык экспертизалар-2. Андан сырткары, 725 криминалистикалык изилдөөлөр дайындалган.
Криминалистикалык кызматтын аймактык бөлүктөрү тарабынан “СОНДА” дактилоскопиялык-идентификациялык автоматташтырылган тутумуна ыкчам кызыкчылык жараткан адамдардын 7526 дактилоскопиялык маалыматтары иштетилип чыгып, киргизилген.
Ошондой эле, 2487 объектеги ачыла элек кылмыштар боюнча кол издеринин маалыматтык топтому толукталып, бул өз кезегинде кылмыш болгон жерде изин калтырган 180 адамды аныктоого мүмкүнчүлүк берген. Көрсөтүлгөн мөөнөттө дактилоскопиялык-идентификациялык автоматташтырылган тутумунун жардамы менен 116 факты боюнча белгисиз өлүктөрдүн өздүгү аныкталган.
Отчеттук мезгилде “ТАИС” баллистикалык-идентификациялык автоматташтырылган тутумуна 20 изилдөө объектиси жана 165 салыштыруу объектиси киргизилген.
Жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев сөз сүйлөп, Криминалистикалык кызматтын ишинде алгылыктуу өсүш бар экенин белгилеп, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууда жана иликтөөдө атайын билимдерди, криминологдорду пайдалануусуз натыйжалуу иш алып баруу мүмкүн эместигин белгиледи.
Кызматтын адистери кылмыштуулук менен күрөшүүгө эбегейсиз салым кошууда: алар дактилоскиялык, трасологиялык, кол жазма, баллистикалык экспертизаларды, баңгизат камтыган заттарга химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

WhatsApp Image 2021 10 27 at 07.53.15 Криминалистикалык кызматы 9 айынын ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды